Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Борбор Азия коопсуздугу боюнча эл аралык конференция болот


“Борбор Азия, Ооганстан жана аймактагы 2014-жылдан кийинки коопсуздук” деп аталган эл аралык жыйын НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын 20 жылдыгына арналган. Анда “2014-жылдан кийинки Ооганстандагы коопсуздук. Анын аймакка тийгизүүчү таасири. НАТОнун аймактагы коопсуздукту камсыздоодогу орду” жана “Тынчтык күчтөрү Борбор Азиядан чыгарылгандан кийинки кырдаалга божомолдор” деген аталышта эки сессия болот.

14-ноябрда Бишкекте өтө турган жыйынга кыргыз бийлигинен өкүлдөр, антитеррордук альянстын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бюросу, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстандан эксперттер, дипломаттык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Жаңы жылга чейин АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан толугу менен чыгарылып бүтөт. Буга байланыштуу Кыргызстандагы АКШнын Транзиттик борбору да ишин аяктап, аскерлерин алып чыгып кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG