Кол өнөрчүлөрдүн кезектеги курултайы Бишкектеги көркөм сүрөт өнөр музейинде болот. Анда Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк, азыркы акыбалы жана келечеги тууралуу сөз болот.
Курултайдын алкагында кыргызстандык чеберлер даярдаган буюм-тайымдардын көргөзмөсү болот.
Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши бир жыл мурун түзүлгөн. Ага өлкөнүн жети облусунан чеберлер мүчө болуп киришкен.(ZKo)