Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Ооган президенти Гани Пакистандагы визитин баштады


Ашраф Гани жана Пакистан премьеринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз. Равалпинди, 14-ноябрь, 2014-жыл.
Ашраф Гани жана Пакистан премьеринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз. Равалпинди, 14-ноябрь, 2014-жыл.

Расмий Кабулдун билдиргенине караганда, Исламабаддагы эки күнкү сүйлөшүүлөрдө коопсуздук, чек ара жана соода маселелери талкууланат.

Ооган тарап Пакистан менен алаканын жакшырышы "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жакшыртууга салым кошобу деп үмүт артууда.

Кабул Исламабадды чек аймактарынан Ооганстанга кол салган согушкерлердин башпаанектөөсүнө жол бергени үчүн айыптап келет.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагондун өткөн аптада жарыяланган баяндамасында Пакистан Ооганстанды дестабилдештирүүчү күчтөрдү пайдаланууну улантып жатканы үчүн айыпталган.

Исламабад Ооганстан менен чек арага жакын, уруулар жашаган аймактарда исламчыл согушкерлерге каршы 2004-жылдан бери күрөшүп келет. Азыркы өкмөт быйыл июндан тарта ал аймактарда ири аскерий операция баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG