Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:20

Грузиядагы "реформалардын атасы” каза тапты


Каха Бендукидзе кыргызстандык саясатчы, коомдук ишмер Эдил Байсалов менен. 2011-жыл.
Каха Бендукидзе кыргызстандык саясатчы, коомдук ишмер Эдил Байсалов менен. 2011-жыл.

“Роза ыңкылабынан” кийин либералдык реформаларды жана антикоррупциялык чараларды иштеп чыгууда чечүүчү роль ойногон Каха Бендукидзе 58 жаш курагында Лондондо дүйнөдөн өттү.

Кесиби боюнча биолог Бендукидзе 1990-жылдары Орусиядагы менчиктештирүү учурунда ири ишкерге айланган. Грузияга 2004-жылы Михаил Саакашвили президенттикке шайлангандан кийин кайтып барган.

2004-2009-жылдардын аралыгында экономика, реформа боюнча министр, өкмөт аппаратынын башчысы кызматтарында иштеген.

Быйыл аны украин президенти Петро Порошенко өкмөткө кеңеш берүүчү топтун курамына кошкон болчу.

Реформа тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн Каха Бендукидзе кезинде Кыргызстанга да келип кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG