Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Путин: Орусияга каршы санкциялар "Чоң жыйырманын" принциптерин бузду


Орус президенти бул тууралуу ТАСС агенттигине "Чоң жыйырманын" саммитин утурлай берген маегинде билдирди.

Путиндин айтымында, украин кризисинен улам АКШ, Еврошаркет жана башка өлкөлөр Орусияга каршы киргизген санкциялар "Чоң жыйырманын" принциптерине, эл аралык мыйзамдарга каршы келет.

Орус президентинин пикиринде, активдерди камоо, визага тыюу салуу, орус компанияларынын Батыштын каржы базарынан акча алуусун чектөө өңдүү чараларды Улуттар Уюму гана колдоно алмак.

Путин Батыштын санкциялары жана мунай баасынын арзандашы орус экономикасына сокку урганын моюнга алган. Бирок, орус президентинин ырастоосунда, өкмөттүн акча кору кризисти жөнгөрүүгө жана ички социалдык милдеттенмелерди аткарууга жетет.

"Чоң жыйырманын" Австралиядагы саммити эртең ачылат. Ал Орусия Украинага аскерий техникасын жана күчтөрүн киргизгени боюнча жаңы айыптоолор айтылып жаткан учурда өтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG