Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Иракта АКШ күчтөрү жайгаштырылышы мүмкүн


Генерал Мартин Демпси жана коргоо министри Чак Хейгел Конгресс комитетиндеги жыйында. Вашингтон, 13-ноябрь, 2014-жыл.
Генерал Мартин Демпси жана коргоо министри Чак Хейгел Конгресс комитетиндеги жыйында. Вашингтон, 13-ноябрь, 2014-жыл.

АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпси бул тууралуу Конгресстин аскерий иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Генералдын айтымында, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы аскерий өнөктүк жаңы гана башталууда жана алдыда Кошмо Штаттардын аскерий кеңешчилери Ирактын жоокерлери менен катарлаш жайгаштырылуусу мүмкүн.

Ал АКШ күчтөрү ирактык жоокерлерди коштоосу мүмкүн аймактар катары Мосулду жана Сирия менен чек араны атады.

АКШ администрациясы мурда америкалык күчтөр Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы кургактагы операцияларга катышпай турганын айтып келген.

Президент Обама Иракка баруучу аскерлер санын эки эсеге көбөйтүп, 3000ден ашыруу үчүн талап кылынган 5,6 миллиард доллар каражатты Конгресс жактыруусун көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG