Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт аралык сүйлөшүүсү аяктады


Кыргызстан менен Тажикстан биринчи кезекте экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө умтулуусу керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-тажик өкмөт аралык сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосунда пикир келишпестик жок, ишке ашпай жаткан чоң потенциал гана бар.

«Чек ара боюнча кырдаалды жөнгө салуу жагынан айрым маселелер, ошону менен катар ал көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү түшүнүгү да бар", - деди кыргыз өкмөтүнүн башчысы.

Тажик премьер-министри Кохир Расулзода да журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ортодо өз ара түшүнүү мамилеси бар экенин айтып, бүгүнкү жолугушууда аймактык жана эки тараптуу кызматташтык маселелери конструктивдүү маанайда талкууланганын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки премьер-министрдин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG