Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда чек ара маселелери талкууланды. Кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев жолугушуудан кийин тараптар делимитация жана демаркация маселелерин мүмкүн болушунча тездетүү керек деген бүтүмгө келишкенин билдирди:
- Бул жаатта биз бири-бирибизди толук түшүнөбүз. Биз чек ара маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссияга бул татаал маселени эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгында чечүү жолдорун табуу үчүн тез-тез жолугушуп турууну, эң башкысы бири-бири менен натыйжалуу кызматташууну тапшырдык.
Тажик премьер-министри Кохир Расулзода өз кезегинде жолугушуу ийгиликтүү өттү деп баа берди. Эки өлкө ортосундагы чек ара кызматташтыгы, делимитация, демаркация өңдүү түйүндүү маселелерди чечүү жолдору кеңири талкууланганын белгиледи. (EBM)