Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Ошто көпүрө курулушу келерки аптада башталат


Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрө курулушунун негизги бөлүгү кийинки аптадан тарта башталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди.

Анын айтымында, көпүрөнүн негизги бөлүгүн курууга жарыяланган тендер жыйынтыкталып, куруучу компаниялар аныкталган. Тендерге 320 млн. сом коюлган. Жыйынтыгында курулушту бүтүрүүгө 284 млн. сом сураган ”Сафари” жана “Мост строй отряд” курулуш компаниялары тандалып алынып, 32 млн. сом үнөмдөлүп калган. Учурда курулушка даярдык иштери жүрүп жатат.

Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрө шаардын мурунку бийлиги тарабынан бузулуп, кайра куруу иши токтоп калган болчу. Учурунда Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов бул долбоорду "Кылымдын курулушу" деп атаган болчу. (YI)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG