Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Румынияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Коомчулукта алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, учурдагы премьер-министр Виктор Понта атаандашы, этникалык немис азчылыгынан чыккан Сибиу шаарынын мэри Клаус Иоханнисти кыйла артта калтырды.

Понта румын өкмөтүн 2012-жылдын май айынан бери жетектеп келет.

Клаус Иоханнис биринчи айлампада шайлоочулардын үчтөн биринин добушун алган. Понтадан он пайыз артта калуу менен экинчи айлампага өткөн.

Шайлоодо жеңген талапкер учурдагы президент Траян Бэсескунун ордуна келет. Бэсеску Конституция боюнча үчүнчү ирет президенттик тактыда калууга укугу жок.

XS
SM
MD
LG