Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Өзбекстандык качкын тууралуу маалыматты кыргыз бийлиги териштирет


Оппозициялык “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев кыргыз бийлиги Бишкекте анын үй-бүлөсүнүн артынан аңдуулар болгондугу тууралуу маалыматты текшере баштаганын “Мемориал” укуктук борборуна билдирген.

Кыргызстандын ИИМ жана УКМК өкүлдөрү 15-ноябрда Сагидуллаев менен жолугушуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссариатынын кайрылуусунун негизинде маалыматтарды текшере башташканын айтышкан.

“Күч органдарынын кызматкерлери Кыргызстан качкындардын коопсуздугун сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактай тургандыгын айтышып, бийлик катуу чараларды көрүүгө даяр экендигин билдиришти”, - дейт Сагидуллаев.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттарында Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү Бишкекке келишип, оппозиционер Сагидуллаевдин үй-бүлөсүнүн артынан түшүп, аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет жасап жатканы тууралуу кабар тараган.

Кыргызстандын УКМК өкүлдөрү бул окуяга тиешеси жоктугун айтышып, бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдиришкен.

47 жаштагы Аман Сагидуллаев 2012-жылы Кыргыстанга баш паанек сурап кайрылган. Ал түзгөн “Алга, Каракалпакстан” кыймылы Каракалпакстандын көз карандысыздыгы үчүн референдум өткөрүү маселесин көтөрүп келет. 2014-жылдын июлунда өзбек маалымат каражаттары Сагидуллаев эл аралык издөөгө алынып, анын туугандары куугунтукка кабылганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG