Бишкек шаардык милициясы кызматкерин атууга шектелген 42 жаштагы Александр Сояпинди өз жер төлөсүнө жашырган Бишкек тургуну камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 64 жаштагы Бишкектин тургуну Наталья Мезина Сояпинди өз үйүнүн жер төлөсүнө жашырып койгон. Милиция кызматкерлерине болсо жалган айтып, эч кандай маалымат билбей турганын билдирген. Буга байланыштуу ага карата Кылмыш кодексинин “өзгөчө оор кылмышты жашырууга аракет кылган” деген берене боюнча иш козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Буга чейин мыйзамсыз курал алып жүргөнү, сактаганы үчүн төрт жылга соттолгон Александр Сояпин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып чыккандан бери изделип жаткан. 14-ноябрда аны кармоодо куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын опер кызматкери Бакай Сыдыгалиевди жарадар кылган. Жарадар болгон 28 жаштагы Сыдыгалиев көп узабай каза тапты.(BkA)