Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстанда экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар көбөйдү


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Терроризм менен күрөш бөлүмүнүн башчысы Бердигул Караев Ошто өтүп жаткан талкууда билдирди. Анын айтымында 2013-жылы диний экстремисттик мүнөздөгү 234 факты аныкталып, 134 кылмыш иши ачылган. Быйылкы жылдын тогуз айында эле диний экстремизм боюнча 230 факты аныкталып, 134 кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.

Учурда Кыргызстанда тыюу салынган 13 диний экстремисттик уюм бар. Ал уюмдардын 1700 мүчөсү укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат.(YI)

XS
SM
MD
LG