Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Атамбаев Жорж Сорос менен жолугат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн америкалык финансист Жорж Соросту кабыл алат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Сорос менен бүгүн кечинде жолукмакчы.

Сорос 16-ноябрдын кечинде Бишкекке келген. Ал бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолукту.

Ал ортодо орусиячыл “Русский мир” коому Жорж Соростун Бишкекке келишине каршы акция өткөргөн. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына чыккан 50гө чукул адам Соростун Кыргызстанга келиши өлкө эгемендигине доо кетирерин айтып, бул адамды түстүү ыңкылаптардын демөөрчүсү деп айыпташкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG