Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Кыргыз тигүүчүлөрүнө чет элдик чеберлер тренинг өтөт


Кыргызстандын азыркы шартында тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча чет элдик адистер цех жетекчилерине тренинг өткөрмөкчү. Аны эл аралык соода борбору уюштурууда. 18-19-ноябрда Бишкектеги “Достук” отелинде өтө турган окутуу негизинен товарларга талап азайган учурда кырдаалдан чыгуу, өндүрүүнүн көлөмүн азайтпоо жаатында болмокчу.

Аталган борбордон “Азаттыкка” билдиришкендей, тигүү тармагындагыларды окутуу үчүн Индия жана Британиядан эки адис чакырылган. Алар бир жумадан бери Кыргызстандагы жеңил өнөр жай тармагынын абалы менен таанышты.

Экономика министрлиги жакында Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагы солгундап баратканын, өндүрүлгөн товарлар өткөн жылга салыштырмалуу 18% азайганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG