Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Өзбекстандын аэропортторуна эболаны аныктай турган тепловизорлор орнотулду


Ташкенттеги эки аэропортко жана туристтер көп келе турган Бухара, Самарканд, Үргенч, Навоий шаарларынын аба майдандарына эбола вирусун аныктай турган тепловизорлор орнотулду. Чек ара көзөмөл пункттарына коюлган бул каражат адамдын дене табы жогору экенин алыс аралыктан эле байкайт.

Жакында өзбек өкмөтү эбола илдетинин алдын алуу жаатында жарандарды оору катталган мамлекеттерге баруусуна тыюу салган. Мындай чечимди коңшу Казакстан да киргизген.

Африканын бир катар өлкөлөрүндө күч алган илдет беш миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. (SE)

XS
SM
MD
LG