Ата Түрк сейилбагындагы турак-үйлөрдү Жогорку Сот мыйзамдуу деп тапкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Түлөбердиев билдирди. Анын айтымында, сот чечими болгон үчүн сейилбактын чеги кыскартылып, аталган үйлөр анын аймагынан чыгарылды.
Буга чейин Бишкек мэриясы сейилбактын чегин аныктоонун эки долбоорун иштеп чыккан. Бирок ал долбоорлордо аталган турак үйлөр сейилбактын аймагына киргизилген эмес. Бул коомчулукта нааразылык жараткан.
Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттары 2006-жылдан бери Бишкектеги Жеңиш паркында 8 гектар, Ата Түрк паркында 50, Кара-Жыгач токоюнда 20 гектар жана Жаштар паркында 10 гектар жер үй курууга берилип кеткенин парламент жыйынында билдиришкен. Мындан соң премьер-министр Жоомарт Оторбаев калаа башчысына сейил бактардын чегин аныктоо боюнча тапшырма берген болчу.(BkA)