Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

ЖККУ өлкөлөрүнүн аскер жетекчилери жыйынга чогулду


Орусиянын Екатеринбург шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн армия жетекчилеринин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандан Башкы штабдын жетекчи орун басары Ильязбек Субанкулов катышып жатат. Жыйында аймактагы аскерий коркунучтарга биргелишип күрөшүү жана уюм алкагында абадан жана ракеталык сокку урууга каршы бирдиктүү система түзүү маселеси талкууланып жатат. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдө аскерий окуу жайларды өнүктүрүү боюнча да сөз жүрөт.

ЖККУ аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.(BkA)

XS
SM
MD
LG