Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:09

Иерусалимде синагогадагы кол салуудан 4 киши каза тапты


Бычак жана балта менен куралданган 2 киши Иерусалимдеги синагогага кирип барып, 4 кишини өлтүрүштү, бир нече киши жараланды. Полиция кол салгандарды атып өлтүрдү. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху Израиль “чечкиндүү түрдө жооп кайтарат” деп билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри чабуулду террор жана мыкаачылык деп атап, Палестина жетекчилигин аны айыптоого үндөдү.

Полициянын маалыматына караганда, кол салгандардын бирөө палестиндер көпчүлүктү түзгөн Чыгыш Иерусалимден болчу.

Соңку бир нече аптада Израил менен Палестинада зордук-зомбулук күчөдү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG