Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Грузия премьери евроинтеграция багытын бышыктады


Грузия Европа менен интеграция багытынан тайбайт. Мындай билдирүүнү премьер-министр Ираклий Гарибашвили кечээ Брюсселде Евробиримдик жана НАТОнун расмий өкүлдөрү менен жолугушууда жасады.

Бир нече күн мурун өкмөт башчы коргоо министри Ираклий Аласанияны кызматтан алган. Министр анын алдында куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги арасындагы камакка алууларды “Грузиянын евроатлантикалык тандоосуна чабуул” катары сыпаттаган. Көп узабай Аласаниянын шериги, тышкы иштер министри кызматынан жана башкаруудагы коалициядан кеткен.

Грузия менен Еврошаркет июнда соода жана кызматташтык келишимине кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG