Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Чехияда эл президентти сүйлөтпөй койду


Чехияда “баркыт ыңкылабынын” 25 жылдыгына арналган салтанат учурунда чогулгандар ышкырып, жумуртка, алма ыргытып, президент Милош Земанды сүйлөтпөй коюшту. Көп эл анын орусиячыл турумун, сөздөрүн ылгабай сүйлөгөнүн жактырбайт. Кечээки салтанатка Германия, Венгрия, Польша жана Словакиянын лидерлери катышты. Бир жумуртка Германия президенти Йоахим Гауктун башына тийгени менен ал иш-чарага катышуусун улантты.

Буга чейин Земан орусиялык телеканалдардын бирине берген интервьюсунда “Украинада кадимки эле жарандык согуш жүрүп жатат, Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан эч ким утпайт", - деген.

XS
SM
MD
LG