Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголду


Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголуп, иштен бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кадыралиевге кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо”, “өзүм билемдик” беренелери боюнча иш козголду. Ошондой эле Ош шаардык сотуна аны камакка алуу өтүнүчү келтирилди. Ал эми Кадыралиевди прокуратура органдарынан иштен бошотуу чечими кабыл алынды. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Жакында эле Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Ал бизнесин өткөрүп берип, башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышканын билдирген.

Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Бул маселе боюнча “Азаттык” атайын иликтөө жасаган соң президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланыштуу чырды иликтөөнү баш прокурор Аида Саляновага тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG