Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ошто интернационал үй-бүлөлөр сыйланат


Кыргызстан элдеринин ассамблеясы Ошто көп улуттуу үй-бүлөлөрдү сый дасторконго чакырат. Бул саамалык ассамблеянын ишмердигинин 20 жылдык мааракесинин алкагында өтөт.

20-ноябрга белгиленген иш-чарада Кыргызстанда жашаган улуттардын каада-салтына жана тамак-аштарына арналган көргөзмө уюштурулат.

“Көп улуттуулук- элибиздин байлыгы» деген аталыштагы маараке Ош шаарындагы 13 улуттук маданий борборлордун көмөгү менен өткөрүлмөкчү.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясы 1994-жылы 23-ноябрда уюшулган. Өлкөдө сексенден ашуун улут өкүлдөрү жашайт. (YI)

XS
SM
MD
LG