Жогорку Кеңештин Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Эгер жалпы жыйында колдоо таап, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Адистер өлкө аймагындагы жол кырсыктарына негизинен оң рулдуу машинелер себеп болуп жатканын белгилеп келишет.
ИИМдин маалыматы боюнча 2010 - 2014-жылдар аралыгында Кыргызстандагы жалпы машинелердин 35 пайызын оң рулдуу автоунаалар түзгөн. (SE)