Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

КТРКнын башкы директору 23-ноябрда шайланат


Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору үчүн шайлоо 23-ноябрда өтөт. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Абды Сатаров билдирди. Анын айтымында, кеңеш мүчөлөрү талапкерлерди жашыруун добуш берүү менен тандакмакчы.

Буга чейин КТРКнын жетекчилигине ат салышуу үчүн Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.

КТРКнын буга чейинки директору Кубат Оторбаев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ушул жылдын июль айында кызматтан кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG