Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кабулда чет элдиктер жашаган жерге чабуул жасалды


19-ноябрдын түнү Кабулдун чыгышында орун алган Green Village деп аталган чет элдиктер жашаган турак-жай комплексинде мина орнотулган машине жарылып, аткылоолор менен коштолду.

Кабул полициясынын башчысы Мухаммад Захир чабуул учурунда төрт согушкер өлтүрүлгөнүн, Green Village комплексинин күзөтчүсү жараат алганын маалымдады.

Жардырууга жоопкерчиликти талиптер өз мойнуна алышты.

Чабуул жасалган комплекс жогорку даражада коргоого алынган аймак болуп эсептелет. Анда Ооганстанда иштеген башка мамлекет жарандары жашайт.

18-ноябрь күнү да Кабулдагы дагы бир чет элдиктер турган турак-жайга сокку урулган.

XS
SM
MD
LG