Бишкек милициясынын кызматкеринин өлүмүнө шектелген Александр Саяпин качып кеткен абактын жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Советбек Арбаев билдирди. Анын айтымында, мурда мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөнү үчүн төрт жылга соттолгон Саяпин жатак абакка мыйзамсыз которулган. Анын жатак абакка которулушуна тиешеси бар №32 абактын жетекчилери кызматтан алынды. Бул боюнча кызматтык иликтөө улантылмакчы.
42 жаштагы Александр Саяпин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып чыккандан бери изделип жаткан. 14-ноябрда аны кармоодо куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын опер кызматкери 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиевге ок ачкан. Сыдыгалиев ошол жерде жан берген. (BkA/UEz)