Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Кытайда ооруканадагы кол салуудан жети киши каза болду


Кытайдын түндүк-чыгышындагы Бейдайхэ шаарындагы ооруканада 27 жаштагы жарандын бычагынан жети киши каза болду. Кытай мамлекеттик маалымат агенттиги бычактаган жаран психикалык жактан оорулуу экенин жана аны полиция кармаганын жазды. Анын бул кадамга барууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Кол салуудан оорукананын администратору каза болуп, медайым жараат алды.

Кытайда соңку учурда медицина кызматкерлерине кол салган учурлар көп кездешүүдө. Алар ар кандай коркутууларга туш болуп, зомбулуктун курмандыгы болуп жатышканын белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG