Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Түндүк Корея БУУну атомдук сыноо менен коркутууда


Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Түндүк Кореяны адамзатка каршы кылмыш кылган деп буга байланыштуу ишти Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына өткөрүп берүүгө чакырды. Буга жооп катары Пхеньян жаңы атомдук сыноо менен коркутууда. Бул маселеге БУУнун Башкы Ассамблеясы добуш бериши керек. “Коопсуздук Кеңеши Эл аралык сотко Түндүк Корея боюнча материалдарды өткөрүп бериш үчүн БУУнун добуш берүүсү талап кылынат”,- деди Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлү Майкл Кирби.

Улуттар уюмунун атайын комиссиясынын баяндамасына ылайык, Түндүк Кореяда эмгек лагерлерин пайдалануу, кыйноо, улутчулдук маанайдагы чакырыктар жана адам өлүмүнө алып келген окуялар токтобой келүүдө.

Бирок расмий Пхеньян БУУ менен докладдын негизинде иштешүүдөн баш тартты. Добуш берүү маалында Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Цой Мен Нам “Адам укуктары үчүн жазалоо биздин атомдук сыноодон баш тартпай турганыбызга негиз болот”, - деп билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG