Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ЕККУ: Донбасста байкоочулар аткыланды


Украин аскери, Донецк, 3-июль,2014
Украин аскери, Донецк, 3-июль,2014

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Донецкте украин аскерлери тарабынан аткыланганын билдирди. Уюмдун сайтында жазылган маалыматка караганда, шаршембиде байкоочулар эки машина менен Курахово шаарынан Донецк тарапка бараткан. Марьинка аймагына жакын жерде укриан армиясынын белгиси жармаштырылган машидан бир аскер эки жолу алар тарапка ок чыгарган. Андан эч ким жабыркаган эмес.

ЕККУнун байкоочулары расмий бийликтин өтүнүчү менен Украинага келишкен. Алар маалымат топтоо, кырдаал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү жана ар кандай мыйзам бузууларды каттоо иштерин жүргүзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG