Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Атамбаев: Коррупция менен күрөштө "кол тийбестер" болбош керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди. Анда өлкө башчысы прокурорлорго абдан жооптуу жана татаал милдеттер жүктөлгөнүн билдирип, аны ак ниеттүүлүк менен аткарууга чакырды.

“Кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү негизги милдеттердин бири бойдон калууда. Коррупцияга каршы күрөшүү темирдей эркти жана кайраттуулукту талап кылат. Бул иште кол тийбестер дагы, иргеп мамиле жасоо дагы болбоого тийиш”, - деп айтылган куттуктоодо

Бүгүн Кыргызстанда прокуратура органдарынын 90 жылдыгы белгиленүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG