Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Кыргызстандык делегация Ооган кыргыздарына жөнөп кетти


Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 22 кишиден турган топ бүгүн Оштон Памирге жөнөп кетти. Делегацияны эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жетектеп, курамында Жогорку Кеңеш депутаттары, журналисттер, дарыгерлер бар. Алар ооган кыргыздарына алты жүк ташуучу унаага жүктөлгөн тамак-аш жана дары-дармек жеткиришмекчи. Бул үчүн өкмөт 3 миллион сом бөлгөн. Мындан сырткары бир катар ыктыярдуу жарандар да кошумчасын кошту.

Буга чейин Ооганстандагы Памир кыргыздарынын өкүлдөрү кыргыз бийликтеринен жардам сураган. Алар Памирдеги катаал аба ырайы, жашоо-шарттын начардыгы жана медициналык жардамдын жоктугу ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгонун айтып, ооган кыргыздарына тамак-аш, кийим-кечеден жардам берүүнү өтүнгөн. Айрым депутаттар Ооганстандагы эки миңге жетпеген кыргыздарды Чоң-Алай районуна көчүрүп келүү демилгесин да көтөрүп жүрүшөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG