Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Байден: Аскердик кийлигишүүгө баруу - кабыл алынгыс


АКШнын вице-президенти Жо Байден “Европадагы чек араларды күч менен кайра чийүү аракети же коңшуларынын чечимдери жакпаса, аскердик кийлигишүүгө баруу - кабыл алынгыс көрүнүш” деп билдирди.

Бүгүн Киевде украин президенти Петр Порошенко менен кездешүүдөн кийинки сөзүндө Байден:

- Орусия Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча Минскте өзүнө алган милдеттенмелерди аткарып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн урматтаса, санкциялар боюнча негиздүү талкуу баштайт элек. Бирок анын ордуна Москванын Минск келишиминин одоно бузулушун көрүүдөбүз.

Вице-президент АКШ Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын эч качан тааныбайт жана башкаларды да тааныбоого үндөйт деди. Вашингтондун жогорку өкүлү Украинанын жаңы өкмөтүн өлкөнүн Европа менен интеграция багытында иш алып барууга чакырды.

Бүгүн Жогорку Рададагы 5 партия башкаруучу коалиция түзүү тууралуу макулдашкан. Жаңы өкмөт 10 күндүн ичинде куралууга тийиш.

XS
SM
MD
LG