Сириядагы согуштук аракеттерге Тажикстандын 300дөй жараны катышууда. Бул тууралуу жума күнү парламенттин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Акрам Амонов билдирди. Урушка алар Орусия же Ооганстан аркылуу барышат. Буга чейин тажик бийлиги Сириянын аймагында 200дөй жараны жүргөнүн айтып келген. "Азаттыктын" тажик редакциясынын маалыматына ылайык, Башар Асаддын режимине каршы урушта 50 чакты тажикстандык каза болду.