Татарстандын борбору Казанда өткөн Turkvizyon-2014 заманбап, популярдуу ырлардын сынагында баш байгени казакстандык ырчы Жанар Дугалова жеңди. 2-орунду Татарстан, 3-орунду Башкыртстан ээледи. Кыргызстандан барган Non-Stop дуэти 4-орунга илинген.
Сынакка 25 мамлекеттен ырчылар катышып, анын 15и финалга чыккан. Бул ыр таймашта жеңүүчү көрүүчүлөрдүн добушу менен эмес, калыстар тобунун чечими менен аныкталат. Түрдүү мамлекеттерден келген калыстар тобунун катарында Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова да бар.
Turkvizyon - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ырчыларынын арасында жыл сайын өтчү музыкалык сынак. Turkvizyon-2015 келээрки жылы Түркмөнстандын Мары шаарында өтөт. (TSh)