Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаңгак фестивалы өтүүдө. Иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “АгроЛид” ишканасы менен бирге эл аралык уюмдардын колдоосунда өткөрүүдө. Жармаңкеге жаңгактан ж.б. токой жемиштеринен даярдалган тамак-аштар коюлду.
Фестиваль азайып бараткан жаңгак токойлорун сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана түшүмдү дүйнөлүк базарга алып чыгуу максатын көздөйт. Жаңгактардын түрлөрү эл назарына тартууланат.
Экологдор Жалал-Абад облусунда соңку жылдары жаңгакты отун катары колдонуу үчүн кыюу күч алганын, эгерде бул көрүнүш улана берсе, 40 жылдан соң токой жоголуп кетиши мүмкүн экенин белгилеп келишет.
Аймактагы 19 миң гектар токойдун 4 500 гектарын жаңгактар ээлейт. (TSh/RSk)