Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Порошенко: Батышты тандасак геноцид кайталанбайт


Украинада өткөн кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылык эскерилди. Иш-чарага катышкан президент Петр Порошенко Украина Батыштын жолу менен кетсе, геноцид эч качан кайталанбай турганын билдирди. Порошенко “эгерде Украина башынан эркин, демократиялык мамлекет болгондо ачарчылык болбойт эле”, – деди.

Кечээ Украинанын Киев жана башка шаарларында 1930-жылдагы ачарчылыкты эскерген иш-чаралардын алкагында Улуттук музейдеги “ачарчылыктын курмандыктары” мемориал эстелигине гүлчамбар коюлуп, аза күтүлдү. Иш-чарага саясатчылар, чет өлкөлүк элчилер, коомдук уюмдар катышкан.

2003-жылы Украина жетекчилиги отузунчу жылдарда жумуриятта орун алган ачарчылык тууралуу документтерди ачыкка чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Андагы маалымат боюнча Совет элин колхоздоштуруу үчүн Москва ал ачарчылыкты атайын уюштурган жана 1932-1933-жылдарда Украинада 10 миллионго чейин адам ачкадан өлгөн. Бирок Орусия бул маалыматты төгүндөп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG