Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 15:54

Сузакта үч окуучу адам өлүмүнө шектелүүдө


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Соку-Таш айылында 9-класстын окуучусу каза болуп, анын өлүмүнө шектүү катары 3 окуучу камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Соку-Таш айылында 9-класстын окуучусу 21-ноябрь күнү райондук ооруканада каза болгон. Окуучунун ата-энеси милицияга уулунун муштан каза болгондугун айтып арыз жазышкан. Кылмыш иши козголуп, ага шектүү 3 окуучу 48 саатка камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (TSh\RsK)

XS
SM
MD
LG