КТРКнын башкы директору кызматына ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен 9 добуш менен Султан Жумагулов, 5 добуш менен Абдыкадыр Султанбаев экинчи турга өттү.
Ушул сааттарда Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору кызматы үчүн шайлоо өтүп жатат. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорду жашыруун добуш берүү менен тандайт. Талапкерлер шайлануу үчүн 10дон ашык добуш алыш керек.
Буга чейин КТРКнын жетекчилигине ат салышуу үчүн Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.
Ушул жылдын август айынын башында КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Андан бери ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов КТРКнын жетекчисинин милдетин аткарууда. (TSh/EBM)