Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Ооганстанда жанкечти 45 кишини өлтүрдү


Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан волейбол турниринин катышуучулары набыт болду. Ооганстандын расмийлери маалымдашынча, кеминде 45 киши набыт болуп, 60тайы жаракат алды. Пактика деп аталган чыгыш провинциясынын губернатор өкүлү Мохлис Афган жанкечтинин чабуулу 23-ноябрда кечке жуук, волейбол боюнча аймактар аралык турнир болуп жаткан учурда жасалганын маалымдады. “Азаттыктын” Ооганстандагы кабарчысы телефон аркылуу билдиргендей, бул күн волейбол матчынын акыркы күнү эле:

- Адамдар мелдеш көргөнү чогулушкан. Ошондой эле полициячылар, айрым жетекчилер жансакчылары менен элдин тобуна кошулуп калышкан болчу. Бул күнү волейбол боюнча турнир аяктамак.

Жанкечти эл көп чогулган стадионго көрүүчү катары кирип, койнундагы бомбаны жардырып жиберген. Жапа чеккендердин көпчүлүгү карапайым тургундар экени айтылууда.

Азырынча жардырууну эч ким мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG