Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Бажы биримдигине кирүүнүн социалдык тобокелчиликтери талкууланууда


Бүгүн Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн социалдык тобокелчиликтери талкууланат. Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган мекеменин жетекчиси Кудайберген Базарбаев Орусиянын социалдык коргоо жана эмгек министри Максим Топилин менен жолугат.

Жолугушууда тобокелчиликтерди азайтуу, майыптардын саламаттыгын, социалдык жактан корголушун жакшыртуу, медициналык-эксперттик кызматты реформалоо маселелери талкууланат.

Кыргыз бийлигинин айтымында, келерки жылдан баштап өлкө Беларус, Орусия жана Казакстан түптөгөн Бажы биримдигине кирет. Бирок экономикасы чабал Кыргызстан үчүн бул жараян бир топ кыйынчылыктарды, баалардын кымбаттоосун алып келерин адистер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG