Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткүчү расмий эсептен 2,6 эсе көп


Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар боюнча абал расмий статистикадан 2,6 эсе көп. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы кризистик борбор, аксакалдар соту, коомдук фонддорго 6882 арыз түшкөн. Бирок милицияда катталган фактылар мындан 2,6 эсе аз болгон.

Жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгү күйөөсүнөн жана уулунан кордук көргөндөр.

Бүгүн Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу маселесине арналган талкуу өтүп жатат. Аны уюштурган укук коргоочулар зомбулук көрсөткөндөрдү күч кызматкерлерине өткөрүп берүү процессин жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG