Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

“ЭкоИсламикБанктан” каракталган акча кайтарылды


Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 23-ноябрда борбордо аталган банктын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан филиалын карактоого эки адам катышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Азыр экинчисине издөө жарыяланып, изделип жатат. Алар банкка тапанча менен кирип барып, кызматкерлерди коркутуп, 1,5 миллион сом, 15 миң доллар, 174 миңге жакын теңге жана 1,5 миллион орус рублин алып кеткен. Кармалган адам бул каражатты кайтарып берди. (BkA)

XS
SM
MD
LG