Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

ЖК комитети Бажы биримдигине кошулуу боюнча он мыйзам долбоорун жактырды


Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча 10 мыйзамды жактырды. Анда негизинен бажы жана салык төлөмдөрүн Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташтыруу каралган. Буга чейин Жогорку Кеңеш бул жаатта 16 мыйзамды кабыл алган болчу.

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулганга чейин 100гө жакын укуктук-нормативдик актыны биримдиктин шартына ылайыкташтырышы зарыл.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында караларын маалымдаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG