Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрттөн каза тапкан адамдын сөөгү табылган. Москванын Тергөө комитети бул адам Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн деген маалымат берген. Учурда Кыргызстандын элчилиги тактоо жүргүзүүдө. (BkA)