Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча акыркы күндөрү жааган карга байланыштуу аталган министрлик Бишкек-Ош жолунда кыймылдын үзгүлтүккө учурабашы үчүн кам көрө баштады. Тайгак жолго кум себилип, жолго кар күрткүлөрүнүн чогулуп калбашы үчүн тиешелүү техникалар иштөөдө.
Ошентсе да транспорт министрлиги айдоочулардан алыс жолго чыгуудан карманып туруусун өтүнүп, автоунаа ээлерине кышкы дөңгөлөктөргө өтүүгө, тайгакка каршы чынжырларды ала жүрүүнү жана унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес кылып сактоону эскертет.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 90-198-чакырымдарында кар көп жаагандыктан, кар күрткүлөрү, тайгак жол автокыймылды кыйындатууда. Ошондой эле Көлбаев атындагы туннелдин айланасындагы катуу бороон аралыкты көрүүнү татаалдатып, жол кырсыктарына алып келүүдө. Ала-Бел ашуусунда да катуу бороондон аралыкты жана жолду көрүү кыйын болуп жатат.(ZKo)