Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Фергюсонго Улуттук гвардиянын күчтөрү тартылды


Миссури штатынын губернатору Жей Никсондун айтуусунда шейшембиде Фергюсон шаарына жана Сент-ЛуискеУлуттук гвардиянын 2200 аскери кирди. Анын айтымында бул шаарда баш-аламандыктын жана мародерлуктун алдын алуу максатында көрүлгөн чаралар.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү сот август айында ындыкара өспүрүмдү атып алган полиция кызматкерине айып тагуудан баш тарткан.

Соттун бул чечимине нааразы болгон эл көчөлөргө чыгып, имараттарды, унааларды өрттөштү. Тополоң мародерлук менен коштолду.

Фергюсондогу массалык башаламандыктын жыйынтыгында ондогон имараттар өрттөлүп, 61 киши уурулук, мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн камалышты. Эки журналист жарадар болду. Сент-Луис шаарынын аэропорту жабылды. Шаар үстүндө жарандык авиациянын учушуна тыюу салынды.

Полиция кызматкери Даррен Уилсон быйыл 9-августта жергиликтүү ындыкара өспүрүм Майкл Браунду атып, өлтүрүп алган эле.

XS
SM
MD
LG