Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Депутат Осмоналиевге кылмыш иш козголду


Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Баш прокурор Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” партиясынын депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иш козгоду.

Осмоналиев “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “пара алган” деп айыпталып жатат. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бул берене менен кылмыш иш козголгон депутат Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле камалат. Осмоналиев бардык дооматты четке кагууда.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ушул жылы май айында Билим берүү жана илим министрлигинин, кыргыз-орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козгогон. Буга былтыр 24 абитуриент аталган окуу жайдын медицина факультетине мыйзамсыз кабыл алынган деген доомат негиз болгон.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө бул абитуриенттер Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиевдин талабы менен кабыл алынганын айтып, депутат болсо өз кезегинде пара алганы аныкталды деп билдирди:

- Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 2013-жылы август айынын башында айрым абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчу аркылуу 14 миң доллар алганы аныкталды. Мындан кийин табигый кырсыктан жабыркаган, тоолуу аймактан келген, аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан жана майып демиш болгон 27 абитуриентти кабыл алгыла деп кыргыз-орус Славян университетинин ректору Нифадьев менен билим министри Канат Садыковдон талап кылган.

Бул факт боюнча башкы прокурор Аида Салянова 25-ноябрда Каныбек Осмоналиевге кылмыш иш козгоду. Депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 304-313-беренелери боюнча “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “пара алган” деген айып тагылды.

Депутат: дооматтар акылга сыйбайт

Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” курган маегинде 27 абитуриентти кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетине кабыл алууну сурап, Билим берүү министрлигине кат жолдогонун тастыктады. Бирок бул абитуриенттерден пара алган деген дооматты акылга сыйбайт деп атады. Кылмыш иштин козголушу күтүүсүз болгонун, ушул кезге чейин көрсөтмө бере электигин айтты:

- Кылмыш иштин козголушу мага абдан чоң жаңылык, күтүлбөгөн окуя болду. Бул иш дээрлик 1,5 жылдан бери эле андай-мындай формада айтылып келаткан. Мени чакырып, сурап койгон эч ким болбогону өкүнүчтүү. 24-октябрда Ошко биздин комитеттин көчмө жыйынын өткөрүүгө кетип жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынан чакыруу келген. Мен аларга жагдайды түшүндүрүп, "келгенден кийин суракка жооп берем" деп кат жөнөткөм. Ошондон бери мени сураган эч ким деле жок. Мына, эми иш козголуптур. Дүйнө аңтарылып-теңтерилип деле калгандай болгон жок. Мен эч кайда качпайм, мыйзам алдында көрсөтмө берем. Мындай катты 4-5 жылдан бери мен эле эмес, 120 депутаттын баары эле жазабыз жана жазып жүрөбүз. Ал расмий кат болчу, Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүнөн өткөн. Чынында мен ошол катты жазгандан кийин эми менин миссиям бүттү деп эле ойлогом.

Осмоналиевдин маалыматына ылайык, ал жазган каттын негизинде билим берүү министри Канат Садыков кыргыз-орус Славян университетинин башчысына кайрылган. Аталган университетте ректор башында турган 13 адамдан түзүлгөн гранттык комиссия 27 абитуриентти контракттык бөлүмгө кабыл алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок быйыл 24 студент окууга мыйзамсыз өткөн деген жүйө менен окуу жайдан чыгарылган экен.

Министр менен ректордун жоопкерчилиги

Бул факт боюнча Билим берүү министрлиги да, Славян университети да комментарий берүүдөн баш тартты. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов министр менен ректордун да жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи:

- Буйрукту Каныбек Осмоналиев эмес, министр чыгарып жатпайбы. Каныбектин кайрылуусу мыйзамсыз болуп, окууга өтүү талабына туура келбеген адамдарды жөнөтсө, анда “буларды окууга өткөргөнгө болбойт, мындай көрсөткүчтөрү жетишпейт экен” деп кат жүзүндө жооп берип коюш керек болчу. Ректорду айтпай эле коёюн, Каныбек мырза министрди мажбурлаптырбы? Буйрукту зордоп чыгарттырыптырбы?

Баш прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов бардык жагдайлар териштирилет деп убада берип, кылмыш иштин саясий өңүтү бар деген дооматты четке каккан:

- Абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу болгон экен. Жөн эле кабыл алып койду деген кеп эмес, эрежени бузуу менен кабыл алынганы анык. Бул жерде эч кандай саясат жок. Бардыгы текшерилип жатат. Жагдайлар толугу менен текшерилет.

Депутат Каныбек Осмоналиевге коюлган айып оор кылмыш деп эсептелет. Кыргыз мыйзамдары боюнча Башкы прокуратура мындай айып тагылган депутатты Жогорку Кеңештен уруксаты жок жоопко тарта алат.

Осмоналиев: Мага кылмыш иши негизсиз козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

XS
SM
MD
LG