Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ашыкча май ашыкча баш оору жаратууда


“Mай фартугу” тизесине чейин жетип, арасынан майда ыйлаакча жаралар пайда болуп, жаман жыт чыга баштаган.
“Mай фартугу” тизесине чейин жетип, арасынан майда ыйлаакча жаралар пайда болуп, жаман жыт чыга баштаган.

Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө жакында бир адамга бир эле учурда эки операция жасалды. Жашы элүүдөн ашып калган айымдын ичиндеги 17 килограммдык майы алынып, өтү тазаланган.

Курсагындагы майы менен бир нече жыл ыңгайсыз абалда жашаган бул айымдын “май фартугу” тизесине чейин жетип, арасынан майда ыйлаакча жаралар пайда болуп, жаман жыт чыга баштаган.

Операциядан кийин ооруканада жаткан аялдын абалын сураганыбызда мындай жагымсыз абалдан улам күнүмдүк жашоосу да кыйындаганын айтат:

- Буга чейин дайыма кыйналып, азап тартып келгем. Ичиме жабышкан ашыкча салмак, же курсагымдагы “май фартук” кадыресе жашоомо терс таасирин тийгизчү. Базарда иштеп, кыймылдасам да арыктай албай койгом. Анан каалаган жагыма жете албай кыйналчумун. Азыр кудайга шүгүр, аябай эле жеңилдеп калдым. Дарыгерлерге чоң рахмат.

Операцияга жетекчилик кылган Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиянын профессору, врач-хирург Акылбек Мусаев оорулууга жасалган операция тууралуу буларды айтып берди:

- Ультра үн изилдөө аппаратынан карап көрсөк, оорулуунун өт баштыкчасында бир нече таш бар экен. Ошолордун бирөө өттүн чыга беришине тыгылып калыптыр. Өт баштыкчасы да ириӊдеп баратыптыр. Кыска убакыттын ичинде биз аны операцияга даярдап жатканбыз. Ошол эле учурда бул киши мага: “менин курсагымдагы май салаӊдап, тиземе чейин жетип, кадыресе жашоомо тоскоол болуп, кыйналып жатам. Ушуну да алып салгылачы. Ич майдын айынан кыймылдай албай, оокат жасай албай жатам”, - деп айтып калды. Анан көйнөгүн көтөрүп карасам чын эле май салаӊдап, арасында жаралар пайда болуп, жаман жыт чыгып жатыптыр. Операция учурунда бул кишинин ушул салаӊдаган майын да кесип койдук.

Ич май алынгандан кийин таразага тартышканда анын салмагы 17 килограмм болгон.

Азапка салган ашыкча салмак

Азыркы тапта дүйнөдө эки миллиардга чукул киши ашыкча салмактан жабыркоодо. Кыргызстан да бул көйгөйдөн оолак эмес.

Глобалдык экономика жыл сайын ашыкча салмактын кесепетинен 2 триллион долларга жакын зыян тартат.
Глобалдык экономика жыл сайын ашыкча салмактын кесепетинен 2 триллион долларга жакын зыян тартат.

"Мак Кензи" глобалдык изилдөө институтунун окумуштуулары ашыкча салмактан улам дүйнө экономикасына келтирилген чыгым тамеки тартуу, климаттын булгануусу жана алкоголдон тарткан чыгымга барабар болууда дешет. Башкача айтканда глобалдык экономика жыл сайын ашыкча салмактын кесепетинен 2 триллион долларга жакын зыян тартат.

Ашыкча салмак тууралуу хирург Акылбек Мусаев буларды айтты:

- Толуктук адамдын саламаттыгына абдан терс таасирин тийгизет. Биринчиден, кан айлануу системасы жабыркайт. Кишиде май канчалык көп болсо, ошонун баарына кан барып, кычкылтек менен камсыз болуш керек. Анан биринчи эле жүрөк менен өпкө кыйналат, уйку без жабыркайт. Келип чыгуу себептери - жалпыга маалым болгондой туура эмес тамактануу, майлуу тамактарды, камыр, ун азыктарын, таттууларды көп жегендик, кыймыл-аракетсиз жашоо образы. Акыркы мезгилде айрыкча кыргыз аялдарынын арасында ашыкча май басып, семирип кеткендерди көп байкап жатам. Бул да болсо аялдардын торт, токоч сыяктуу тамактарга жакындыгынан улам болууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча, Кыргызстанда эркектердин 5 проценти, аялдардын 14,2 проценти семиздик өнөкөт илдетине чалдыккан. Семирип кетүү жаатында Кыргызстан КМШдагы 15 өлкөнүн ичинен 10-орунда турат. Ал эми ашыкча салмактуу калктын саны эркектерде 34,5 процент, аялдарда 43,9 процент.

Түнгө карай ашказанды кыйнабайлы

Ашыкча салмактуу болуу адамда жүрөк, кан тамыр, кант диабети жана ички органдардын жабыркоосунан тышкары сөөк түзүлүштүн бузулуусуна да алып келет.

Адистер акыркы мезгилде омуртка арасындагы кемирчектер бузулуп, грыжа болгондордун көбү ашыкча салмактуулар экенин айтышууда. Ар кыл өнөкөт илдеттердин башаты болгон ашыкча салмактан арылуунун азыр көптөгөн жолдору сунушталат. Бирок адис алардын эң эле пайдалуусу убагында тамак жеп, кечки алтыдан кийин тамактанууну токтотуп, сергек жашоо зарыл экендигин айтышат.

- Биздин салттарыбыздын бир начар жагы бар: аш-тойлордо түн ортосунда эт тартышат. Киши кечинде саат алтыдан кийин оор тамак ичсе, анын органдары таӊ аткыча ошол тамакты организмге сиӊириш үчүн иштейт. Анан киши эс албай эле эртеси жанчылып кыйналып турат. Ушул түӊкүсүн эт тартканды токтотсок. Эгерде кечинде оор тамак жеп алса, киши дароо жатып калбай, сыртта басып, ошол тамакты кандайдыр бир жол менен сиӊирсе жакшы болор эле.

Семирип кетүү жаатында Кыргызстан КМШдагы 15 өлкөнүн ичинен 10-орунда турат.
Семирип кетүү жаатында Кыргызстан КМШдагы 15 өлкөнүн ичинен 10-орунда турат.

​2008-жылдагы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчетунда 20 жаштан жогору кишилердин 35 проценти ашыкча салмактуу, 11 проценти семиздик илдетине чалдыккан. 5 жашка чейинки 42 миллион бала ашыкча салмак менен катталган.

Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөрдө арыктоо жаатында ар кандай улуттук деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп, ашыкча салмактын алдын алуу боюнча агартуучу иштер байма-бай жүрүп турат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG