Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн немис парламентинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал Орусиянын Украинага кылган аракетин эл аралык мыйзамдарды бузуу деп баалап, бул Европадагы тынчтыкка коркунуч алып келет деп айтты.
- Орусиянын Донецк жана Лугансктагы аскерий аракеттерге тикелей же кыйыр түрдөгү аракетин эч бир нерсе актабайт, - деп айтты Меркел.
Ошондой эле ал Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга убакыт жана сабырдуулук талап кылынарын кошумчалады.
Германия - Орусия байланышы Украинадагы жаңжалдан улам кыйла сууп баратат. Расмий Москва Украина чыгышындагы жикчилерге колдоо көрсөтүүдө деген маалыматты танып келет. (КЕ)